28 Марта 2024 - Время в Бишкеке - 17:01

“МАНАС” ЭПОСУНУН 12 ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ


(2017-жылдын 4-6-сентябрында
манасчы С. Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган
“Эпос таануунун заманбап проблемалары жана чакырыктары”
Эл аралык илимий-практикалык симпозиумдагы сүйлөнгөн сөз)
Дүйнөдө 19 белгилүү эпос бар: Европалык “Илиада” (Греция), “Одиссея” (Греция), «Гильоме жөнүндө ыр» (Франция), «Жоголгон бейиш» (Англия), «Ажайып коме́дия» (Италия), «Ла́чплесис» (Латвия), Ка́левипоэг (Эстония), “Жолбор терисин жамынган баатыр» (Грузия), Түндүк Кавказ элинин жашоо-тиричилигин чагылдырган “На́рт” э́посу, «Ура́л-бааты́р» башкыр эпосу, «Жангар» (Калмыкия). Азиялык: “Манас” (Кыргызстан), “Гэсэ́р” (Монголия, Тибет), “Алпамы́ш” (Казакстан), «Махабха́рата», “Рама́яна” (Индия), «Гильгаме́ш жөнүндө эпос» (Шумер), «Шахнаме» (Иран), «Давид Сасунский» (Кавказ Армения), Иова Китеби (Израиль). Негизинен ушул эпостор.
Бирок, алардын бири дагы “Манас” эпосундай жандуу эпос болуп саналбайт.
I
«Манас» – жандуу эпос
Эгер ар бир көркөм чыгарма эпосу китеп болуп басмадан чыккандан кийин аяктады деп саналса, “Манас” эпосу 1000 жылдан ашык убакыттан бери үзгүлтүксүз айтылып келе жатат. Ар бир айтуучу өзүнүн ой толгосун кошуп, толуктай алат. Жана негизги сюжет окуялар, образдар менен оригиналдуулугу бардык учурда сакталат. Башка эпостордон “Манас” эпосунун айырмасы ар дайым өнүгүп, байып, өркүндөп келет жана бүгүнкү күндө да ал толук бүттү деп эч ким айта албайт, себеби, ал тамырын жандуу дарактай кылымдарга терең жайган. “Манас” эпосу дайым аракетте жана кыймылда. Ал эч убакта куурап, же күз келип жалбырагын түшүргөн дарак эмес, түбөлүк жапжашыл болуп өсүп турган байтүп касиеттүү байтеректей. Ага эч убакта күз келбейт. Дайым жаз болуп көктөп турат.
II
Көп автордуулук жана көп варианттуулук
Улуу манасчылардын бирөөсү дагы өзүн бул эпостун жападан жалгыз авторумун деп атаган эмес. Ар бир муундун өзүнүн манасчысы болгон. Тилекке каршы, биз 70ке жакын гана манасчылардын ысымын билебиз, ал эми канчалаган варианттар жана ысымдар сакталбай, биздин мезгилге жетпей калды, мындан ары деле биз үчүн белгисиз бойдон калат. Ошол эле убакта 150 жылга толгон Сагынбай Орозбаков жана 210 жыл илгерки Келдибек сыяктуу улуу манасчылар менен бирге эле 12 жашка толгон жаш манасчы Үмөт дагы эпостун жаратуучулары боло алышат, т.а. “Манас” эпосу өткөндү жана азыркыны бириктирип турат. Бүгүнкү күндө биз ар кайсы учурдагы манасчыларды билебиз: XVII кылымдын манасчысы – Нооруз, XIX кылымдын манасчылары – Келдибек, Акылбек, Тыныбек, Балык, Чоюке, XX кылымдын манасчылары – С. Орозбаков, Шапак,
С. Каралаев, Тоголок Молдо, Мамбет, Ж. Мамай, XX кылымдын экинчи жарымындагы манасчылар Шаабай Азизов, Каба Атабеков, Уркаш Мамбеталиев жана XXI кылымдын манасчылары – Талантаалы Бакчиев, Тилек Асанов, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Рыспай Исаков, т.а. бизге акыркы 3 кылымдын “Манас” айтуучулары маалым. Дагы алдыда кандай керемет манасчылар күтүп жатат болду экен. Манастын жүздөгөн, балким миңдеген авторлору жана жүзгө чукул варианты бар. Башка эпостордо мындайды кездештирүү мүмкүн эмес.
III
Көлөмү
“Манас” эпосу дүйнөдөгү эң чоң эпос катары Гиннестин рекорддор китебине кирген. Советтик окумуштуу А.Петросяндын айтуусу боюнча Манасты толук көлөмдө басып чыгарса 40 томду түзмөк. Эгерде Семетей жана Сейтек эпосторун кошуп, басып чыгарса, анда 100 томду түзөт. Мындай эбегейсиз эпосту дүйнө али биле элек. С.Орозбаковдун варианты эле ирандардын эпосу “Шахнамеден” 4 эсе жана гректердин “Илиада” эпосунан 40 эсе көлөмдүү. Сагынбай Орозбаков канча күн, канча түн айткандыгын эч ким так билбейт, бирок Саякбай Каралаевдин Солтон-Сары жайлоосунда 23 күн “Манас” эпосун айткандыгы тууралуу маекти таптым. Бул дээрлик үн миллион сапты түзөт. Бүгүн болсо азыркы манасчылардын орто мууну бири-бирин толуктоо менен орточо 7 күн үзгүлтүксүз айтышат. Айтуучу кайсы жерден бүтсө кийинкиси улам аны улантып кете турган учурлар эпостор дүйнөсүндө кездешпейт.
IV
Музыкалуулугу
Атактуу музыка таануучу В.Виноградов абдан таң калуу менен мындай жазат: “Эгерде искусстводо 7 нота болсо, Манас эпосунда 28ден ашык үндөр бар. Ошону менен бирге ар бир автордун өзүнүн музыкасы бар, духу боюнча алар бири-бирине үндөш, бирок тембри боюнча оригиналдуу”. Ар бир манасчы табиятынан композитор болуп саналат. Ар бир манасчынын өзүнө тиешелүү стили т.а. үнүнүн тембри, кыймылы, жаңсоолору, драмалуулугу менен “Манас” эпосунун музыкалуулугу айырмаланат. Эпосто 20га жакын аталыштагы музыкалык аспаптар кездешет: комуз, керней, сурнай, чоор, добулбас, сыбызгы ж.б. Азыркы музыкалык искусстводо улуу опера ырчылары маселен Паворотти, же Монсеррат Кабалье тынбай, үзгүлтүксүз эң көп дегенде 7-8 саат ырдай алышса, Саякбай Кралаев жалгыз өзү “Манасты” 3 күн жана 3 түн т.а. 72 саат тынбай айткан (бул азыркы опера ырчыларынын ырдоосунан 10 эсе көп ). Мындай керемет кыргыз элине, анын ичинде манасчыга гана таандык.
V
Сырдуулугу
Казактын улуу жазуучусу Муктар Ауэзов минтип айткан: “Ар бир айтуучу айтардан мурун кандайдыр бир сырдуу күч менен жолугушкан”. Көпчүлүк манасчылар аян алар алдында башкача бир нерсени, баарыдан мурда түш көрүүнү, кандайдыр бир кыйналууну, сыноону (бирөө сокур болуп, бирөө дүлөй болуп) башынан өткөргөн. XX кылымга чейин бардык манасчылар жазганды жана окуганды билишчү эмес, бирок миңдеген саптарды эске тутушкан. Бүгүн борборубуз Бишкекте кыргыз тилин билбеген жашоочулар бар, бирок алар “Манасты” укканда эпостун өзгөчөлүгүн түшүнүшөт, улуттун генетикалык коду ушунда жаткан жокпу? “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” же эпостогу баатырлардын ысымдарын алып жүргөн балдарды өлкөнүн ар бир айылынан кездештирүүгө болору да жөн жерден болбосо керек. В.М. Жирмунский жазгандай: “Көлөмү өтө чоң байыркы “Манас” эпосун айтуучу кыргыз манасчыларынын, сактоочуларынын жана жайылтуучуларынын, ошондой эле, ири элдик манасчылардын өмүр баяндары күбөлөндүрүп тургандай, жогоруда берилген “ички туюмга” таянышкан. Келечек манасчыны Манас өзү кырк чоросу менен коштоп түшүнө кирип манас айтууга чакырат. Түш көрүү айтуу жөндөмүнүн түздөн-түз булагы болуп саналат. Эгерде Манас тандап алган киши анын талабын аткаруудан баш тартса, аны кырсык-оору тооруйт”. Манасчы өзүнүн эмоционалдык баяндоосу менен оорулууларды дарылап, аларды дээрлик айыктырган фактылар кездешет. Айрым манасчылар күн жаадырса, айрымдары алдын ала билип айтуучулук олуялык касиетке ээ болушкан.
VI
Географиялык масштабы
Сагынбай Орозбаковдун айтуусу боюнча Көкөтөйдүн ашына дүйнөнүн ар бурчунан 115тен ашык улуттан адамдар келишкен (Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнөн, Афганистандан, Монголиядан, Ирандан, Ирактан, Сауд Арабиядан, Индиядан, Пакистантан, Япониядан, Вьетнамдан, Лаостон, Түндүк Тибеттен, Тажикстандан, Чыгыш Европадан, Кампучиядан). Ошондой эле 547 географиялык жерлердин жана 152 антропонимдин аталыштары кездешет. Дүйнөдө бир да эпос, бир да чыгарма мынча географиялык эбегейсиздикке эгедер эмес. Ал “Манас” эпосуна гана таандык.
VII
Энциклопедиялуулугу
Бул эпос өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: тарых, историзм, этнопедагогика, дин, этномаданият таануу, …география, …этнопсихология, …археология, …астрономия, …оозеки чыгармачылык, …айтуу искусствосу, …психолология, …генеалогия, …этномаданият, …эмеректер, …улуттук ашкана, …тышкы дипломатия, …элдик чыгармачылык, …элдик оюндар, …салттар, …үрп-адаттар, …музыкалуулук, …ырлар, …аскердик жана мамлекеттик түзүлүш, жоокерлер, …хирургиялык операцияга чейин элдик дарыгерчилик, курал-жарактар, түрдүү мал чарбалчылык, мал чарба сырлары, металл эритүү ж.б. Ошондой эле пайдалуу кен байлыктар: алтын, калай, күмүш жана жез жөнүндө айтылат. Муну менен кыргыз элине тиешелүү түшүнүктөрдүн баарын камтыйт жана кыргыз маданиятынын руханий дүйнөсүндөгү эбегейсиз маанилүү көрүнүш болуп эсептелет. “Манас” эпосу түрдүү жанрдык болуп саналат, т.а. ал театрда, кинодо, музыкада, сүрөттө, скульптурада, опера исткусствосунда, балетте жана архитектурада баяндалат.
VIII
Тарыхыйлуулук жана муундардын байланышы
Окумуштуулар Бартольд, Солтоноев, Молдобаев, С.М. Абрамзон, А.Н. Бернштам, В. Радлов, Ху Чженхуа, Токтогазиев, О. Осмонов далилдегендей эпостогу окуялар жөндөн-жөн эле өтө бербейт. Бул конкреттүү адамдар, элдер жана конкреттүү тарыхый окуялар менен байланыштуу. Эпостун жазылыш датасы боюнча ар түрдүү көз караштар бар.
Эпосту тарыхый өңүттөн алып караганда анын эпикалык окуяларын 7 мезгилге бөлүүгө жана айрым окуялардын чындыгында тарыхта болгондугун көрүүгө болот:
1. Хунн жана гунн (б.з.ч. XVII к. – V к. б.з.)
2. Байыркы түрк жана кыргыз (VI – IX кк.)
3. кара-кытай жана караханид (X – XII кк.)
4. монгол (XIII к.)
5. Алтын Ордо жана башка хандык мезгилиндеги окуялар (XIV – XVI кк.)
6. Жунгар же ойрот-калмак (XV – XVIII кк.)
7. Кийинки отурукташуу (XIX – XX к. башы)
Дүйнөдө 9 муундун жашоосун, тагдырын, трагедиясын, триумфун камтыган мындай чыгарма жок. Жусуп Мамайдын варианты боюнча эпосто 9 муундун Манастын атасы Жакыптан баштап Чигитейге чейинки чөбөрөлөрүнүн 7-муунунун жашоосу камтылат.
Жакып – Манас – Семетей – Сейтек – Кенен – Сейит – Асылбача-Бекбача – Сомбилек – Чигитей.
Ал эми кытайлык кыргыз окумуштуу Макелек Өмүрбай улуу эпосту хондор, түрктөр, уйгурлар, кытайлар, моңголдор жана ойроттор дооруна бөлөт.
Академик В.В. Радлов “Манас” эпосун мүнөздөөдө: “Бул өз кезегинде кыргыз элинин белгилүү бир этаптын маданиятынын жана цивилизациясынын поэтикалык тарыхнаамасы” деп бекеринен жазган эмес.
Манас эпосу, Ч.Валихановдун пикири боюнча XIV-XV кылымда, М.Ауэзов менен А.Бернштармдын пикири боюнча IX кылымда, Б.Юнусалиевдин пикири боюнча IX-XI кылымда, И.Шерстюктун оюнда VII-IX кылымда, В.Жирмунскийдин ою боюнча XV-XVII кылымдарда жаралган.
IX
Мамлекеттүүлүк
Ал эпос деп аталса дагы, мында мамлекеттүүлүк түзүлүшүнүн алгачкы конструкциялары сүрөттөлөт. Байыркы кытай мамлекеттүүлүгүнүн мезгили миң жылдар мурда башталат, ал эми Европанын мамлекеттүүлүк тарыхы 13-14-кк. гана башталат. Бул кыргыз эли эзелтеден эле өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө, бийликтин мамлекеттик институттарына, аскерлерине, символдоруна, ураандарына, куралдуу күчтөрүнө жана тышкы дүйнө менен дипломатиялык мамилесине ээ болуп келгендигин тастыктайт. Мамлекеттүүлүктү түзүүнүн негизги формасы катары элдик курултайлар саналган, т.а. бардык маанилүү чечимдер эл тарабынан курултайда кабыл алынган. Кыргыздар 1000 жыл мурда эле өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ болгондугун эпос толугу менен далилдей алат. Мындан дипломатиялык кызматтын тарыхын, кыргыздардын эл аралык жана үй-бүлөлүк укугун гана эмес, жазыктык жана жарандык укуктук өзгөчөлүктөрүн дагы үйрөнүүгө болот. “Манас” эпосун басып чыгаруу ар дайым мамлекеттик саясат менен терең байланыштуу болгон жана көбү бул үчүн репрессияга дуушар болгон. К.Тыныстанов, И.Арабаев, К.Карасаев, Б.Исакеев, З.Бектенов, Т.Байжиев, К.Нанаев… ж.б. тагдыры буга күбө.
X
Фантастикалуулугу
“Манас” эпосунда кошок (жоктоп ыйлоо), ..ант, ..жол көрсөтүү, …учкул сөздөр, ..фразеологизмдер, ..баатырларды фантастикалык сүрөттөөлөр, …санжыра, …макалдар, …насыят, …керээз, …арман ырлары, …проза, …поэзия, …драма колдонулат, колдоочу барс, куштардын ар биринин өзүнүн миссиясы бар жана адам ак кууга айланып кетүүсү мүмкүн. Көкөтайдын ашына миллионго жакын киши катышып, конокторду 120 миң киши тосуп алган жана 300 миң боз үй тигилген, ошондой эле Борбордук Азияда кездешпеген жаныбарлар кездешет. Азырынча адабият дүйнөсүндө мындай керемет кездеше элек.
XI
Сөз байлыгы
Мында моңгол, …иран, …перс, …араб, …санскрит, …тибет, …тунгус-манчжур жана кытай терминдери кездешет. Профессор Карбоз Дыйкановдун айтуусу боюнча «Манас» эпосунда 70000ге жакын лексикон пайдаланылат (Лениндин 53 томдугуна салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп). Күлүктү эле сыпаттоо үчүн 800 эпитет, сөздөр, аталыштар колдонулат жана 300гө жакын тулпар ар кандай сүрөттөлөт, ошондой эле 220 курал-жарак эскерилет, маселен, найзанын эле 31 түрү айтылат. «Манас» эпосунда 9-10 миллионго жакын сөз колдонулат. Ал эми «Манас» эпосунан үзүндүлөр дүйнөнүн көптөгөн тилдерине – англис, француз, немис, венгер, кытай, орус, казак, өзбек, моңгол, алтай, литва, тажик, түркмөн, инди, иврит жана башка тилдерге которулган.
1939-жылдын 22-майында «Известия» гезитинде Пеньковскийдин макаласы жарык көргөн, анда «Манас» – кыргыз элинин жылбаяны жана анын поэтикалык библиясы», деп айтылган.
XII
Мыйзам менен корголгон эпос
2011-жылдын 28-июнундагы «Манас» эпосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ал дүйнөлүк мыйзам чыгаруу практикасында атайын мыйзам арналган алгачкы эпос.
Мыйзамдын баштапкы долбоору эл акыны А. Жакшылыковдун үйүндө жазылган, ага манасчы жана илимпоз Т. Бакчиев, коомдук ишмер Р. Качкеев катышкан. Ал эми 2011-жылы Мыйзам долбоорун мен жана депутат К. Самаков демилгелегенбиз.
Аталган Мыйзам «Манас» эпосун сактоого, өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган.
Чынында эле эпос элдик жана баатырдык деп аталат.
Ал интернационалдуу жана бүткүл адамзаттык. «Манас» эпосун изилдөөгө ар түркүн улуттун окумуштуулары катышкан, мисалы,
Е.Поливанов, В.В.Радлов, А.Бернштам, С.Абрамзон, П.Н.Берков, К.Юдахин, М.Богданова, В.Жирмунский, А.Затаевич, Мирбадалева Адельма Собировна, Фалев Павел Андреевич, В.Виноградов, Б.Смирнов (Россия).
К.Мифтаков (Башкортостан),
Ниенко Ван дер Хайде (Голландия);
Инан Абдулкадыр, Д.Йылдырым, Короглы Халын, И. Хайретдин, Илхом Башкөз (Түркия);
Варьям Синг (Индия);
Ху Чжен Хуа, Ху Чжень Хуа Мухамед, Лац Йың (Кытай);
М.Ауэзов, Ч.Валиханов, А.Маргулан (Казакстан);
Тагиржанов А. (Узбекистан);
Реми Дор (Франция);
Д.Алмаши (Венгрия);
А.Петросян (Армения);
Уолтер Мей, Хотто Артур (Англия);
Липкин С. (Израиль);
Ал өлбөс-өчпөс.
Ар кайсы илимде “Манас” темасында илимий эмгектер корголуп жатканы өтө жакшы саамалык.
Мисалы, К.Матикеев (географ), И.Молдобаев, Б.Керимканов, Ө.Макелек (адабият), С.Байгазиев, О.Исмаилов, Ж.Сааданбеков (философ), Ш.Акмолдоева (философ), Б.Исанов, С.Мусаев, Т.Курабаева, Д.Саалиева, Э.Абдыраев, Г.Муканбаева (укук), О.Торобаев, М.Мамыров, Т.Бакчиев (политология), Ж.Орозбекова, Н.Усеев (тарых), Р.Сарыкбеков, К.Кырбашев, Р.Кыдырбаева, С.Бегалиев, М.Барбулаев, Т.Токтогазиев ж.б.
К.Тыныстанов, И.Арабаев, Ч.Айтматов, Х.Карасаев, З.Бектенов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, Т.Сыдыков, А.Осмонов, К.Жусупов, А.Жакыпбеков, Ш.Дүйшеев, Ж.Садыков.
Кинодо: Н.Борбиев, Т.Океев, Б.Шамшиев, Э.Абдыжапаров, Л.Турусбеков, А.Сүйүндүков.
Театрда: Ж.Садыков, Ж.Сейдакматова, Б.Ибраев, Ж.Абдыкадыров.
Сүрөт өнөрүндө: Т.Герцен, Г.Айтиев, Л.Ильина, Т.Курманов, Ж.Кадыралиев, Т.Исамадыров, Б.Жумабаев, С.Чокморов, Э.Токталиев, А.С.Осташев, А.Л.Шубин, Е.Соколов, С.Ишенов.
Скульптура: Т.Сыдыков, О.Монуйлова.
Архитектура: Э.Нурбеков.
Операда: В.А.Власов, А.Малдыбаев, В.Фере, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбекова, К.Маликов.
САМОЕ ЧИТАЕМОЕ

НОВОСТНАЯ ЛЕНТА