26 Апреля 2024 - Время в Бишкеке - 09:07

Президент Алмазбек Атамбаев референдумда жана жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоодо добуш берди


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  Бишкек шаарынын  № 5-кесиптик лицейинде жайгашкан № 1209-шайлоо участогунда Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

Добуш берген соӊ Мамлекет башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Атап айтканда, Президент Алмазбек Атамбаев бүгүнкү добуш берүү  – демократияга, элдик бийликке карай чоӊ кадам экенин, ал эми Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр өлкө көз карандысыздыгын бекемдөөгө багытталганын белгиледи. «Бардык өзгөртүүлөр абдан маанилүү. Бирок Кыргызстандын көз карандысыздыгын бекемдеген өзгөртүүлөр баарынан маанилүү, — деди Президент. – Экинчи маанилүү жагдай: ким президент болуп келбесин, ал өлкөнү артка кайрый албагыдай кылып, биз машиналар жана механизмдер теориясындагыдай келесоодон коргонуу механизмин киргизип жатабыз. Бүгүн биз парламенттик системага карай жолдо дагы бир кадам жасадык».

«Бүгүнкү Кыргызстан жана бул шайлоолор эмнеси менен жакшы? Шайлоонун жыйынтыктарын эч ким билбейт. Ким канча мандат алары мурдатан белгилүү болгон шайлоолор али да эсибизде. Бүгүн андай эмес, ошол жагынан өлкөбүз башкача», — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы эл референдумду колдоосуна жана өлкөдөгү оӊ өзгөрүүлөр артка кайткыс болоруна үмүттөнөрүн билдирди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип, Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн маани-маңызы, өлкөдө добуш берүүнүн жүрүшү, шайлоочулардын болжолдуу катышуусу жана шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары, жер-жерлердеги техникалык мүчүлүштүктөр, добуштарды сатып алууга жол бербөө жана башка маселелер тууралу сөз кылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

САМОЕ ЧИТАЕМОЕ

НОВОСТНАЯ ЛЕНТА