05 Июля 2026 - Время в Бишкеке - 10:41

Сумгаит трагедиясы. Бул эмнеден башталган жана кандайча болгон? СССР жана Азербайжан КГБнын архивдик документтери боюнча


Лев Аскеров

Автор тууралуу: Лев Аскеров — СССР журналисттер Союзунун мүчөсү, СССР жана Азербайжан жазуучулар Союзунун мүчөсү, “Известия” гезитинин Азербайжан боюнча жана “Труд” гезитинин Азербайжан жана Дагестан боюнча өз кабарчысы.

 

 

 

 

 

 

 

Сүрөт © Жаңылыктар РМА

Өзөк                 сөздөр: ссср, азербайжан, армения, кагылыш, сумгаит, талоондор, кгб, эдуард григорян

Бакунун ырастоосу боюнча, Лубянканын архивдеринде армян дин кызматкерлеринин азербайжандарга карата жек көрүүнү күчөтүүгө тиешелери бардыгына далилдер сакталып турат. СССР КГБнын (мамлекеттик коопсуздук кызматы) кызматкери үстөлгө койгон документтер салынган калың папкалардын арасынан, көңүлүмдү дароо эле бурганы, папкалардын үстүндө турган жана каллиграфтык кол жазма менен төмөнкү сөздөр жазылган папка болду:

“Азербайжан. Мүнөздөмөлөр. Сунуштар (1950-1970)”.

Эскертип кетишим керек: ошондо мага таанышып чыгууга мүмкүндүк беришкен архивдик материалдардын көпчүлүгү адатта кыраакы советтик жарандар кол коюшпаган жалган билдирүүлөрдөн, ушактардан жана “органдарга маалымат жеткирүүлөрдөн” турган. Андыктан менде мурда эч качан болбогон каалоом ойгонгон күндө да, КГБНын жазалоочу кылычынын алдына өздөрүнүн досторунун, кесиптештеринин, атүгүл туугандарынын баштарын коюп берген эпистолярдык жанрдын күжүрмөндөрүнүн ысымдарын аныктоо мүмкүн болбос эле…

I деген рим саны турган жогоруда эскерилген папкага келсек, мен андан абдан кызыгуу жараткан документке — Азербайжан ССР КГБнын контрчалгынынын полковниги Томаз Георгиевич Каричадзенин СССР КГБнын төрагасы, генерал-полковник Владимир Ефимович Семичастныйдын атына жазылган баяндоо катына туш келдим. Катты бир дем менен окуп чыктым жана бир нече көчүрмө жасоого үлгүрүп, атүгүл, архив кызматкеринин катуу тыюу салуусуна карабастан, жазгандарымды Лубянкадагы сары үйдөн алып чыгып кете алдым.

Адилеттүүлүк үчүн айтып кетүү керек, мени бирөө-жарым издеген деле жок: 1990-жыл келаткан, Лубянканын коридорлорунда абдыроо менен көңүл чөгөттүктүн жанды кыйнаган маанайы өкүм сүрүп, ал эми терезелердин артында качандыр бир улуу өлкө түпсүз туңгуюкка акырындык менен жылып келаткан…

Бирок Каричадзенин баяндоо катына келели. Бул документ пайда кылган кызыгуу, албетте, кокусунан эмес эле. Сумгаит трагедиясына жакында эки жыл толмок. КПСС БКнын Саясий бюросунда жана арийне, миллиондогон нуска менен чыккан бардык гезиттерде, ондогон адамдардын өмүрүн алган трагедия “этникалык негиздеги Сумгаит талоону” деп аталган жана басма сөздүн чындыгына жана сатылбастыгына ойлонбой туруп ишенген советтик адамдарга армяндарга карата жек көрүүсү ашынган ырайымсыз азербайжандардын аларга кандуу булоон уюштурганы тууралуу айтып жатты. Ал эми Сумгаит трагедиясы жөнүндөгү ачыктан-ачык жана улам көбүртүп айтылган жалган кепти СССРдин президенти Михаил Горбачёв ачык колдоого алгандан кийин, Сумгаит талоону тууралуу “чындык” бүгүнкү күндө мектептерде өтүлгөн, “көзү менен көргөндөр” айтышкан жана Википедияга алып чыгышкан 32 жыл мурун болуп өткөн окуя жөнүндөгү расмий маалыматка айланды.

Мен, окуучуларынын айтуусу боюнча, азыр да күүлүү-күчтүү жана акылы тунук Михаил Сергеевич Горбачёв жана ошондой эле Сумгаитте болуп өткөн кырсык тууралуу эстеп жүрүшкөн мурдагы СССРдин он миллиондогон жарандары бул кырсыктын келип чыгуу башатын көз алдына келтирүүлөрү үчүн полковник Каричадзенин 1963-жылдын сентябрында эле жазган баяндама катын окуп чыгууларын каалар элем. Мынакей, ал (жазуу стили толугу менен сакталды): “Жолдош генерал!

Сизге, менин жетекчилигим бир нече жолку кызматтык билдирүүлөрүмө карабастан, тиешелүү көңүл бурбай келатышкан нерсени жеткирүүнү өз милдетим деп эсептейм. Арийне, анда көтөрүлгөн маселелер өлкөнүн мамлекеттик коопсуздугуна түздөн-түз тиешеси бар. Анын мазмуну мындайча.

Мен, республиканын армян калкынын арасында, Баку менен Степанакерттин грегориандык чиркөөлөрүндө дин кызматкерлеринин күчү менен жашыруун, аны менен бирге сыр сактоонун бардык эрежелерин сактоо менен уюштурулган, азербайжан элине карата жек көрүүнү жайылткан бүлдүргүч иштер жүргүзүлүп жатат деген терең ишенимдемин.

Чиркөөлөрдө христианчылыктын диний жоболорун жамынган абдан агрессивдүү дашнак боевик-үгүттөөчүлөрүн даярдаган курстар иш алып барышат. Машыгып жаткандардын жаңы курамына киргизилген биздин агенттин ырастоосу боюнча, бул жердеги лекцияларды Эчмиадзиндин эмиссарлары окушат. Лекциялардын жана практикалык сабактардын мазмуну Азербайжан Министрлер кеңешинин дин иштери боюнча Бөлүмүндө катталган расмий программанын темаларына ылайык келбейт. Аларды жазып алууга катуу тыюу салынган. Угуучулардын бири, эсте сактап калуусу начар турмуш- тиричилик техникалары боюнча механик Гена Манукян материалды жана алар иштөөгө тийиш болушкандарга натыйжалуу таасир көрсөтүү боюнча деталдарды көчүрүп жазууда кармалган. Эки күн өткөндөн кийин Арменикенд базарында таламандын чак түшүндө белгисиз бирөө аны далысынан тешкич менен жүрөктүн толтосуна сайып жарадар кылган.

Нариман РИИБи тарабынан киши өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш иши ачылбаган иштердин катарында турат. Белгилеп кетүү керек, кылмыш жасалган ошол эле күнү, Бакудагы армян чиркөөсүндө өтүлгөн курстардагы сабактарда эчмианзиндик лектор бул өлүмгө аларды да (эмиссардын чакырыгын сөзмө-сөз келтирем) “ушундай жүзү каралык менен, бардык жерде жок кылуу керек” деген чакырык менен, азербайжандарды күнөөлөп, “жалындуу мекенчилдин” өлүмү тууралуу жарыя кылган.

Биздин агентибиздин машыктыруучу курстарда абдан жашыруун ашынган улутчул- кылмышкерлерден куралган согуштук топ бар деп эсептөөгө кескин негиздери бар. Топтун ар бир катышуучусуна жакшы акы төлөнөт. Билдирүүлөрүнүн биринде агент эстеп калуусу боюнча Кировокан чиркөө коомунун кызматкери Гаспар ата окуган лекциялардын биринен үзүндү келтирген (мындай ысымдуу дин кызматкери чындыгында эле бар, бирок биздин адамга көрсөтүлгөн сүрөттөр боюнча ал адамдын лекция окуган адамга эч кандай тиешеси жок).

Жогоруда белгиленген үзүндүнү келтирем:

“…Биз жер бетинде аз эле калдык. Биз бөлүнүп жашайбыз. Душмандар бизди бөлүп салышты. Алар буга жетише алышты. Бирок алар биздин күжүрмөн рухубузду сындыра алыштыбы? Алар биздин өзгөчө акыл-эстин жалынын өчүрө алыштыбы? Биздин ата- бабалар биздин жүрөктөрдө калтырган ыйык максатты өлтүрө алыштыбы?.. Жок! Алар өз элин жана анын кан менен сугарылган тарыхын билген, даңктуу ата-бабаларыбызды урматтап-кадырлаган бир армян тирүү болгон күндө да мындай кыла алышпайт. Биз өткөн доорлордогу баатырларыбыз менен сыймыктанабыз. Алардын өздөрү жараткан Улуу Арменияны сактап кала алышпагандыктарында күнөөсү жок. Алар кан төгүлгөн согуштарда күч жагынан артыкчылык кылган — маданиятсыз, жапайы варварлар, биздин эң жаманыбызга да тең келбеген душман тарабынан каза болушту.

Биздин алдыбызда Рим жана бүтүн дүйнө калтыраган. Биз, өзүбүздү, анан калса өз душмандарыбызды аябастан, биздин алдыбызда азыр Москва деп аталган жаңы Рим, жаңы дүйнө тизелеши үчүн баарын жасообуз керек жана буга милдеттүүбүз. Мына ушул нерсе, биз кайсыл жерде жашабайлы, бизди бириктирет. Биерде, Советтер Союзунда да, Францияда да, Америкада да бир армяндын ийгилиги — бүткүл элдин ийгилиги, биздин жакындап калган жеңишибизге кошкон салым.

Жакында эле өткөн диний сабагында бардык армяндардын Ыйык улугу мындай деди: “Мындан көрүнүктүү, мындан улуураак элди мен билбеймин. Биздин ортобуздагы аралык деген эмне?.. Эч нерсе! Эң олуттуу жана жеңип чыгууга мүмкүн болбогон аралык — километрлер эмес, бул жан дүйнөлөрдүн өз ара таасир этүүсүнүн жоктугу. Биз, Жараткандын өзү ыклас койгон жападан-жалгыз улут, мындай жөндөмгө ээбиз. Биздин жандарыбыз бири-бирин кылдат сезет. Бири-бирин таанышат… Кудайдын берген мындай белегин пайдаланбоо жана биздин азап чеккен элибизге бүткүл дүйнөлүк атак-даңкын кайтарып бербөө күнөө, чоң күнөө. Анын колдоосу — биздин ийгиликтерибиздин кепилдиги…”

Ошентип Ыйык Улук биздин кара мүртөз душманыбыздын түнөгүнөн, быяктан, Азербайжандан акча каражаттары жетишсиз келип жатканына көңүл бурду. Азербайжанда жашап жаткан армяндарга улуттун келечеги үчүн берешен каражат которуудан Камо жана Шаумян сыяктуу коммунисттер аянбаганын эскертип коюу керек. Көрүнүктүү мамлекеттик имшер Анастас Микоян, бүткүл дүйнөгө белгилүү маршал Баграмян, Бабаджанян жана илим менен маданияттын белгилүү ишмерлеринин үй- бүлөлөрү да тынымсыз каражат чегерип турушат…

Жалпы элдик казынага каражат которууну каалабоону Эчмиадзин чыккынчылык жана саткынчылык деп эсептейт. Ал эми чыккынчылык менен саткынчылык үчүн эртедир- кечтир жооп берүүгө туура келет… Аларды сиз сурайсыз. Ыйык улук, курсту бүткөндөн кийин ата-тегинин башатын унуткандардын арасында керектүү жана эгерде керек болсо, катаал иш жүргүзүүгө узатуучу курстун угуучуларына чоң үмүттөрдү артат. Алар аларга акыл-эсин кайтарып берүүгө муктаж. Атүгүл, муну кастет (темирмуш), бычак же ок менен жасоого туура келсе да. Бул кудайга жаккан ишти Ыйык улук сиздерге жүктөйт. Сиздерге анын жолдомосун келтирем: “Максат каражатты актайт!”..

Жолдош генерал!

Ошондой эле, 50-жылдары чет элден кайтарылган жүз миңдеген армян үй-бүлөлөрү жогорудан берилген көрсөтмө боюнча, Армения аймагында азербайжандар жердеген жайлардан орун алган фактыны да таптакыр эле ойдон чыгарылган деп эсептебейм. Азербайжандарды көп учурда Азербайжанга жөнөтүп турушкан. Мындай иштер, менин көз карашымда, лениндик улут саясатына карама-каршы гана келбестен, айтууга мүмкүн болбогон кесепеттерге алып келүүсү менен да коркунучтуу… Биздин аналитиктер мен атап өткөн маселени, кыязы, чакырылган армян-репатрианттарды (мындан ары — кайрылман) кимдин бөлүштүрүүсү менен жана эмне үчүн башкача эмес, дал ушундайча жайгаштыруу өңүтүнөн карашпаган сыяктуу. Мен алардын жайгашуу картасын түздүм. Сизге кызыктуу картина келип чыкканын баяндайм. Ал мынакей:                Россия

Федерациясында — Ростов облусу, Краснодар жана Ставрополь крайлары; Грузияда — Тбилиси, Ахалцихи, Колхида, б.а. Абхазия; Азербайжанда — Тоолуу Карабах, Казах- Киробад зонасы, жаш Мингечаур жана курулуп жаткан Сумгаит. Мына ошентип, армян кайрылмандарынын жайгашуу ордун белгилөө менен, биз мифтик Улуу Армениянын дашнак картасынын — деңизден деңизге чейинки жана Ростовго чейинки рельефтик чийинин алабыз”. Бул баяндама каттын мазмуну мени ушунчалык таң калтыргандыктан, Бакуга кайтып келгенимден кийин, Азербайжан КГБнын төрагасынын кадрлар боюнча мурунку орун басары Нури Гасанович Кулиев менен жолугууга шашылдым. “Каричадзе?

  • Кулиев менден кайталап сурады. — Албетте, эсимде! Легендарлуу инсан! Бактыга

жараша, бизди, Бериев жана Багировдун тушундагы чекисттерди органдарды хрущевдик тазалоо шыпыргысы                                                                                     кыйгап өттү: Азербайжанда

репрессия күчөп турганда, биз аны менен чет жерде иштештик. Мен Иранда, ал эми Томаз Георгиевич — Испанияда иштеп турдук. Баса, мен, ал Англиянын Ми-6 чалгынынын жетекчилеринин бири, Ким Филбини дал ошол жакта ишке тарткан деп ойлоймун…

Каричадзенин баяндамасына келсек, бул баяндама мансабына чекит койду: аны дароо эле пенсияга айдашты да, полковник көп өтпөй күтүүсүздөн каза болду. Чекисттер арасында

  • биз шекчил адамдар эмеспизби, Томаз Георгиевичтин өлүмү кокусунан болбогонун айтып жүрүштү. Бул үчүн негиздер да бар эле — баяндама кат мазмуну жагынан Москвадагы үлкөн даражалуу адамдардын кызыкчылыгын козгогон…”

Чекисттер чөйрөсүндө айтылып жүргөн полковник Каричадзенин өлүмүнүн себептери тууралуу имиштерди бекемдей да, четке кага да албасым түшүнүктүү. Бирок мени бир кызыктай абал чочулатат: дал ошол СССР КГБнын төрагасы Владимир Семичастный Каричадзенин баяндама катын анын түздөн-түз жетекчиси, армиянын генералы Семен Цвигунга катаалдык менен: “Жол. Цвигун, карап чыгып баа бериңиз! Полковник пейил күтүп калыптыр! Семичастный” деген резолюциясы менен жиберген убакта, Саясий бюродо Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Анастас Иванович Микоянды СССР Жогорку кеңешинин президиуму төрагалыгына дайындоо маселеси чечилип жаткан.

Ошентип, советтик контрчалгындагы Микоянды иш жүзүндө көмүскө армян улутчулдугуна колдоо көрсөткөнү үчүн айыптаган жогорку кызматтагы офицердин расмий баяндама каты, Анастас Ивановичтин мансап жолундагы тоскоолдук болушу ыктымал эле. Буга, албетте, өзү да, анын Саясий бюродогу жана СССР КГБдагы адамдары да жол бере алышпайт болчу…

Ал эми чейрек кылым өткөндөн кийин, 1988-жылдын 27-февралында, полковник Томаз Каричадзе Кремлдегилерди эскерткен нерсе болуп өтөт.

Сумгаитте жалын тутанды…

…V саны бар папкадан дагы бир кызыктуу документ таптым — бул партиянын алысты көрө билбеген саясаты кескин сынга алынган жана Сумгаит кыргыны менен 1990- жылдын 20-январында Михаил Горбачёвдун буйругу менен Бакуга бастырып киришкен советтик аскерлердин бир нече жүздөгөн шаардыктарды, азербайжан, орус, еврей, татар, лезгин улутундагы адамдарды таамай атып жана танк менен тебелеткен “кара январь” тууралуу чындык ачылган Саясий бюрого жана жеке Генералдык катчы Горбачёвдун өзүнө жазылган “Ачык кат” эле. Бул документке 26 белгилүү адамдар кол коюшкан. Советтер Союзунун Баатыры, академик З. Буньятов, академик А. Мирзаджанзаде, Жогорку партмектептин профессору, белгилүү саясат таанучу А. Мильман жана Азербайжан Компартиясынын БКнын биринчи катчысынын жардамчысы В. Кесардын колдору карандаш менен сызылып коюлган. Көрүнүп тургандай, муну Георгий Шахназаров — М. Горбачёвдун жарамчысы жана жакын үзөнгүлөшү жасагандай, себеби ошол эле кол жана ошол эле карандаш менен биринчи барактын бурчуна мындай деп жазылыптыр: “Владимир Крючковго!”

СССР КГБнын төрагасы (кайрадан КГБ!) Горбачёвдун үзөнгүлөшүнүн кайрылуусун туура түшүнгөн жана бир нече жумадан кийин Кесарь менен Мильманга күтүүсүздөн АКШга кетүүгө уруксат беришкен, академик Мирзаджанзаде тууралуу анын адаттан тыш сексуалдык ориентациясы жөнүндө имиштер күч ала баштаган, Буньятовго Кремлге каршы оюн баштабоону кыйытышат… Кыскасы, кол койгондордун пикирин жокко чыгаруу үчүн баарын жасашат, ал эми памфлет түрүндө жазылган катка болсо, “Түбөлүк сакталсын! деген белги коюлуп, КГБнын архивине жиберилет.

Түшүнүктүү себептер менен мен биерде 33 барактан турган документтин баарын келтире албаймын жана анда келтирилген менин көз карашым боюнча Сумгаит трагедиясына алып келген саясий шартты чечмелеген жүйөлөр менен гана чектелем:

“Жолдош Горбачёв!

Сизге жана сиз жетектеген партияга жакында эле Армениянын дээрлик жарымын түзүп турган 7 миллион азербайжандар кайрылууда. Сизге Сиздин билип туруп кылмышка жол берүүчүлүгүңүз жана мококтугуңуздун айынан туулган үйлөрүн, жүзүмзарларын жана мүрзөлөрүн таштап Армениядан качууга мажбур болушкандар кайрылат…

Жолдош Горбачёв, эгерде Сиз, биз алардын тилинде сүйлөгөн жана жердин ээси катары укугун сыйлаган армяндардын бизди кандай ырахаттануу менен көчөгө айдашып, кандай жапайылык менен биздин байыркы азербайжан мүрзөлөрүбүздү талкалашканын жана бизди кубалоочулар кандай кубаныч менен Сиздин ысымыңызды аташып жатканын билген болсоңуз, Михаил Сергеевич!..

Эгерде Сиз, жолдош Г орбачёв, биздин армян коңшуларыбыз артыбыздан түкүрүп жана айдакташып, бизди кудум кой сыяктуу чыгышка, Азербайжанга кубалаган таякталган апаларыбызды, зордукталган карындаштарыбызды, кансыраган ага-инилерибизди жана алсыраган балдарыбызды көргөн болсоңуз.

Сизге Армениядан тээ 1950-жылдары эле сүрүп чыгарылган, азыр эми бир тууган партиясы менен өкмөтү суусуз жарым чөлгө Каспийдеги Комсомольскини — убада кылынган жаркын коммунисттик келечектеги жаңы укмуштуу химиктер менен металлургдардын шаарын курууга айдаган 200 миң адам кайрылууда.

Биз — кепе тамдары бир тууган КПССтин камкордугун даана көрсөткөн, Борбордук да, аймактык да телевидениеден бир жолу да көрсөтпөгөн 200 миң сумгаиттиктербиз. Көп улуттуу Совет эли Сумгаиттин зыяндуу буулар менен газ сиңген абасы эмнелигин, эмне үчүн кургаган өсүмдүктөрдөн көлөкө түшпөшүн, таштандыларга толгон Каспий жана биздин тукумсуздуктан жабыркаган аялдарыбыз кандай көрүнөрүн, биз он алтыга чыга элек уулдарыбыз менен кыздарыбызды жашырган дүйнөдөгү жападан-жалгыз балдар көрүстөнү, бузулган генефонддун белгилери бар кепкенедей түрү суук ымыркайлар жарыкка келген төрөт үйү кандайлыгы тууралуу билишкен да жок…

Кудай көрүп турат, Михаил Сергеевич, биз узак күттүк жана узакка чыдадык. Өтүнүчтөрүбүз менен Сиздин босогого куладык, Сизден колдоо күттүк, Сиздин акылмандыгыңыз менен түшүнүүңүзгө үмүт арттык. Бирок Сиз үн каткан жоксуз. Же этникалык ажырымды кандуу улут аралык согушка айландырган сиздин сүйүктүү: “ …Тоолуу Карабахтын айланасындагы маселелер” деген сөзүңүз менен тынчтандырууга аракет кылдыңыз. Ал эми, бейтааныш, четтен келгендери көрүнүп турган адамдардын тобу Сумгаиттин көчөлөрүнө агылып чыгышып: “Армяндарды ургула! Алар бизди ургандай ургула!” деп кыйкырган күнү, Михаил Сергеевич, биздин Сизге деген ишенимибиз толук кыйрап жок болду. Ал эми чагымчылдардын үндөрү, биздин шаардын көчөлөрүндөгү бычакташуулар жана кан биздин ар бирибизде Сиз талкалап жок кылган улуттук сыймыкты жана адамдык кадыр-баркты жалындаткан учкун болду…” Эми түздөн-түз сумгаиттик кыргын менен байланышкан фактыларга өтөлү.

Бул кайгылуу окуялар болуп өткөндөн көп өтпөй, — мен анда “Известия” гезитинин тиркемеси болгон жума сайын чыгуучу “Союздун” өз кабарчысы болуп иштечүмүн, мага Азербайжандын кадырман журналисттеринин бири, “Сумгаиттик коммунист” деп аталган гезиттин башкы редактору Рафаил Шик кайрылып, “Союзда” Сумгаит трагедиясынын сырларын ачкан макаланы жарыялоону сунуштады. Белгилүү болгондой, Шикуга макаланы өз гезитинде жарыялоого шаардын партиялык жетекчилиги уруксат берген эмес.

Бирок менин москвалык жетекчилигим да Шиктин материалын жарыялоодон баш тартты. Арийне, Сумгаитте болуп өткөндөрдүн баарын Кремль жана жеке Михаил Сергеевич Горбачёвдун өзү таптакыр башка өңүттөн көрүшөт жана чечмелешет, андыктан текстти авторго кайрып бер жана бул темага аралашпа дешти.

Москвалыктардын Шиктин матералын жарыялоодон баш тартуулары маанайымды гана түшүрбөстөн, ачуумду да келтирди. Сумгаиттеги окуялар тууралуу ошол мезгилде көп жазышкан жана эреже катары, мындай өңүттө жазышчу: азербайжан улутчулдары Тоолуу Карабахтан ажырап калууларын шаардын армян жашоочуларынан чыгарышты жана кандуу булоон уюштурушту. Шик болсо, советтик коомдо орун алган трагедиянын картинасын түп тамырынан өзгөрткөн фактыларды келтирген, бирок аны жарыялоого эч кимдин эрки жеткен эмес. Ошондо мен Рафаил Шикке көрсөтө алган жападан-жалгыз кызматым — бул Сумгаит окуяларын өз көзү менен көргөн адамдын баянын жазып алуу гана болду.

 

 

 

 

 

 

 

Сумгаиттеги окуялар Советтер Союзунун системдик кризисин тереңдетти Сүрөт: Жаңылыктар РМА

 

“… Шаардык партиялык гезиттин редактору катары, мен, караңгы түндө, атүгүл таң кылаяр эрте жарыкта Бакудагы Сабунчинск вокзалына Армениядан качкындар түшкөн поезд жана вагон-муздаткычта Арменияда өлтүрүлгөн 52 сөөк келатканын билгемин. Мага ошондой эле, каза болгон алтоонун туугандары Сумгаитте жашары да белгилүү болучу. Бул тууралуу партиянын шаардык комитетинин шашылыш чакырылган бюросунда жашыруун сыр катары партиянын Сумгаит шаардык комитетинин биринчи катчысы Жангир Муслим-заде билдирди.

  • Сизге, жолдош Шик, — биринчи катчы катаалдык менен эскертти, — бул тууралуу жазуунун кереги жок. Кадимки эле үй-бүлөнүн, достордун жана жакындардын атынан жазылган адаттагы аза билдирүүсү менен чектелиңиз. Бардыгы адаттагыдай болууга тийиш. Бул бардыгыңарга тиешелүү…

Муслим-заде унчукпай калды, андан кийин шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Ханлар Халиловду ордунан тургузду.

  • Сизге, полковник, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө оорчулук келбейт — муну менен ПВОнун Баку аймактык аскер кызматкерлери алектенишет. Бул жогорудан, БКдан келген буйрук… Бюронун так алдында мага аймактын командири, генерал Зайцев коңгуроо кылды жана Сумгаитте аскер патрулдарынын ишине тоскоолдук болбосун эскертти…

Редакцияга кайтып келип, мен өз кабарчыга тезинен Бакуга жөнөп, Еревандан келаткан поездди тосуп алууга жана мүмкүндүк болуп калса, качкындар менен сүйлөшүүгө тапшырма бердим.

Түн жарымдарда ал мага үйүмө коңгуроо кылып, тапшырманы аткара албашын айтты — Сабунчинск вокзалы солдаттар менен тыгыз курчалган жана перронго эч кимди өткөрбөй жатышат…

Эртең менен, таңкы тамактануу учурунда мен подъездден таң калыштуу дабыш уктум. Эшикти ачып, полдо жаткан конвертти көрдүм, анда бир нече сүрөттөр жана орус жана азербайжан тилдеринде ири басма тамгалар менен жазылган: — “Мекенчил бол, армяндар күнөөсүз жазалаган адамдарды акыркы сапарга узат!” деген сөздөр жазылган бүктөлгөн барак бар экен. Ошондон кийин гана сүрөттөрдү көңүл коюп карап чыктым. Сизге айтып коюшум керек, сүрөттөр үрөй учурарлык жана аларды кесипкөй сүрөтчү тартканы көрүнүп турат. Бирөөсүндө көзү оюлган эркек жүрөт, тамагынан чатына чейин күйгүч (горелка) менен крест күйгүзүлүп түшүрүлгөн, дагы биринде — жаш аял. Аялдын бир көкүрөгү кесилген, экинчиси кудум жипке илингенсип салаңдайт. Жатынынан бөтөлкөнүн оозу сороюп чыгып турат. Кийинки сүрөттө бычак менен каршы-терши тилинген абышканын жүзү. Андан кийин жыныс мүчөлөрү жана колунун манжалары кесилген 17 жаштагы өспүрүм жигит, кийин мага түшүндүрүшкөндөй, бул жигит армян кызы менен сүйлүшүп жүрчө экен. Дагы башка сүрөттөрдө асфальт төшөөчү машина менен тебеленген Ереванга жакын Советашен айылынын тургун 40 жаштардагы эркек кишиси, оозу айрылган Ленинакандык кемпир, Кировакандык башы алынган бала…

Адис катары сүрөттөрдүн көрүнүшүнө жана айрым деталдарына көңүл бурбай коё албадым. Кыязы, алар Ереван поездинде да, Бакудагы вокзалда да эмес, кийинчерээк, бул көркоолуктар болуп өткөн жерлерде тартылгандай. Жүрөгүм айланып чыкканы эсимде. Аз келгенсип жогорку кабаттан эки санитар менен бир врач замбарга салып кошунамды, Валида Асадованы алып келатышыптыр.

  • Эмне болду? -деп сурап калдым:
  • Белгилерине караганда, инфаркт, — врач санитарларды алдыга өткөрүп жатып жооп берди. — Кайсы бир акмак тургундардын эшик алдына бул сүрөттөрдү коюп кетиптир, муну көргөн жүрөк чыдабаптыр… Бул биздин үчүнчү чакырык жана мунун баары бул ташталган конверттерден улам. Шаар боюнча таштап чыгышкандай, акмактар!..

Уккан нерсем тынчсыздантпай коймок эмес. Мен ошол замат биринчи катчы менен байланыштым жана коркунучтуу сүрөттөр менен Сумгаиттеги жападан-жалгыз басмаканада басылбаганы даана көрүнүп турган мекенчилдикке үндөгөн текст коркунучтуу азгырык жыттанарын айттым.

  • Мага бул тууралуу айткан жалгыз эле сиз эмес, — деп жооп берди Муслим-заде. — Баса, аткаруу комитетинин төрагасы, сиз сыяктуу, бул ким бирөөнүн кара ниеттик менен жасалган чагымчылдыгы деп эсептейт. Ал эми ПВО аймагынын өкүлү, полковник Ярмоленко болсо, — баса, ал азыр биздин сүйлөшүүбүздү угуп жатат, — баары көзөмөлдө деп ишендирүүдө. Дал ушуну партиянын БКна билдирди…

Кийинчерээк белгилүү болгондой, Ярмоленко уятсыздык менен калп айтыптыр! Шаарда эч ким эч нерсени көзөмөлдөгөн эмес. Жогорудан берилген көрсөтмө боюнча, милиция тоскоол болбоого тийиш болгон патрулдарды мен көргөн жокмун. Кандай болгон күндө да, сүрмө топтун ичиндеги жан талашып жардам сурап кыйкырган жапайы кыйкырыктардын арасынан.

Андан кийин полковник Ярмоленко сырдуу көздөн кайым болду. Ал эми төмөн кайкып учушкан армиянын вертолёттору кудум сүрмө топтун бейбаштагына май чачкандай эле — аларды көргөн талоончулар кудум буйрук берилгенсип жапайы чаңырыкты салышты. Кийинчерээк, вертолёттордон кыргынды тартышыптыр. Бул ким бирөө тарабынан дал ошол сүрмө топтун ичинен тартылгандай.

Бардыгы редакциянын жанынан өтүп бараткан аза зыйнатын ээрчип басканымдан башталды. Бул укмуштуу көрүнүш эле!.. Дүүлүккөн, кыжырданган адамдар улам элге келип аралашып жатышты. Чакырык жана сүрөттөр салынган конверттер өз ишин жасашты. Кимдир бирөө тымызын жана эпчилдик менен абалды чыңалган чекке алып бара жатты…

Жаңыдан казылган төрт мүрзөнүн четинде молдолор туруп алышып жашыл китептерине баштарын катып аянычтуу үн менен дуба окушууда. Мен алардын бирөөсүнөн беш метрдей ары тургам. Мына ошондо арткы катарлардан кимдир бирөө адамдарды түрткүлөп, молдолордун бут алдында жаткан замбилдерге жулунуп, ачуу үн менен чыңырды:

  • Агайындар! Бир тууган мусулмандар! Армян кара мүртөздөрү бизди кескилеп, өрттөп, тоноп, үйлөрүбүздөн кууп чыгышууда… А биз унчукпай турабыз!
  • Туура айтасың, Ибрагим, туура! — муну дагы бирөөсү коштоп, мүрзөгө карама-каршы тараптан жөөлөп келатат. — Биз эмне, эркектер эмеспизби?! Биз эмне, өзүбүздү коргой албайбызбы?!
  • Армяндар бизди койнубуздагы жылан сымал, өз үйлөрүбүздөн кууп чыгышууда, — жанымда турган өлгөн адамдардын туугандарынын бири кыжырланып тиштенет.

Мына ошондо, Ибрагим деп аташкан неме муштумдарын түйүп, сүрмө топко кайрылып өпкөсү толуп кыйкырды:

  • Кууп да, өлтүрүп да жатышат! А биз койлор сыяктуубуз!..

Бирок, өзүн азербайжанча Ибрагим деп атаган адамдын аты таптакыр башка эле. Муну мен тааныштарымдан уккамын. Кыргындан эки жума мурда бул жигит биздин редакцияга келип ага гезиттин штаттан тышкаркы кызматкеринин күбөлүгүн берүүнү суранган. Таанышуу учурунда мага Эудард Григоряндын атындагы паспортун көрсөткөн.

  • Мени Эдик деп атаңыз, — ал мага өз кишидей кайрылды.

Адегенде мен аны менен сүйлөшүп олтурбадым — анын материалдары биздин гезитте эч качан жарыяланган эмес. Бирок ошол эле күндүн кечинде менин эски таанышым, “Химик” спорт клубунун төрагасы, армян улутундагы Акпер Балаев Эдик Григорян үчүн өтүнүп калды.

  • Еремеич, — деди Акпер. — Мен Эдикти жакшы билемин. Биздин түбүбүз Тоолуу Карабахтан. Биз атүгүл, тууган да болуп кетебиз. — Ал абдан акылдуу жигит. Убагында аны менен Жогорку курстарда чогуу окуганбыз, ал жакта ал тууралуу абдан таланттуу уюштургуч жана чыгармачыл адам катары кеп кылыша турган. Ага жакшылап көз салып көрчү!..

Биздин экинчи жолугушуубузда мен Григорянга ага штаттан тышкаркы кызматкердин күбөлүгүн ал жазган материалын бизге алып келип, биз аны жактыргандан кийин гана бере аларыбызды айттым. Ошону менен таркап кеттик.

Мына сага кайрадан жолугушуу! Анын Ибрагим да экени белгилүү болуп олтурат. Эми болсо өзүнүн армян мекендештерин эң жаман сөздөр менен каралап олтурат…

Бул убакта сүрмө топтун арасында, Курандан үзүндү жазылган мүрзөдөгү көөнө эстеликтердин жанынан жардам сурап кыйкырган үндөр угула баштады. Булар — майып болгон туугандарын жерге берип жатышкандардын коңшулары жана достору болушкан армяндар эле.

Окуп жаткан дубасын токтотуп жана улам күчөп бараткан уу-чууну басууга аракет кылган молдо кыйкырып жатты:

  • Токтогула! Бул оор күнөө! Кудай баарын көрүп турат!..

Коркутуп түнөргөн Григорян молдого умтулду. Ал артка чегинип бош мүрзөгө кулап кетти.

  • Сен динсиз адамсың! Бул кудайдын иши! Ал күнөөлүүлөрдү жазалайт! Ырайымсыздык менен жазалайт!

Бирок аны эч кимдин угар түрү жок. Жашыраак жана жалтаңыраак экинчи молдо тар мүрзөнү айланып уят болуп качып баратты.

  • Көк мээлер! — мен чыдай албай кеттим. — Силер эмне кылып жатасыңар?! Эсиңерге келгиле! Адам болгула!

Мен мүрзөгө эңкейип чуңкурдан чыгарып алуу үчүн молдого колумду сундум.

  • Ким көк мээ, сенин түрү суук армян бетиңби?! — артымдан ким-бирөө кыйкырды.

Мен кайрылып карап мага карап бир нече адам жулунганын көрдүм. Дагы бир көз ирмемде молдого шерик болмокмун. Бирок акыркы секундаларда мени менен алардын ортосунда кара плащчан сөлөкөт пайда болуп азербайжан тилинде буйрукчул үн менен эки сөз айтты:

  • Тийбегиле! Шаарга жөнөгүлө!

Ошондо алардын бирөөсү, ким бирөөнүн эстелигине ыргып чыгып тамагы айрылганча кыйкырды:

  • Агайындар, шаарга! Армяндарды кууйлу!
  • Армяндарга өлүм! — муну ондогон үндөр коштоп кетишти жана кутурган жин оорусуна курчалган адамдардын тобу шаарга карап агылышты…
  • А сен, Еремеич, күнөөдөн алысыраак бол да сенин ишиң болбогон нерсеге аралашпа, — кара плащчан киши мага карап кылчайды.

Бул менин эски таанышым Акпер Балаев болучу…

Ооба, үймөлөктөшкөн элдин көпчүлүгү азербайжандар эле. Арасында орустар, украиналыктар жана еврейлер да боло турган. Жалпысынан сумгаиттиктер, негизинен жаштар. Бирок аларды армяндар баштап баратты. Муну мен өз көзүм менен көрдүм. Андан кийин советтик партиялык басманын кантип калп айтканына келсек, жүрөк ооруйт! Бетпактык жана барып турган абийирсиздик. Буга ишенсек, 1950 — жана 1980- жылдары Арменияда азербайжандарды кубалашкан жана өлтүрүшкөн эмес, жолго килем төшөп, оркестрдин коштоосунда узатышкан…

Армяндардын азербайжандарды жырткычтык менен кыруусу, кескиленген денелерди алып бараткан поезддер жөнүндө эч жерде жазылган жана айтылган жок. Бир сөз менен айтканда, ал жакта болуп жаткандарга үнсүз колдоо көрсөтүлдү. Мына ушул жерде кремлдик армяндар “Кудайга даңк!” деп ырдашса болмок…

Мен мүрзөдөн партиянын шаардык комитетине карап сыздым. Биринчинин иш бөлмөсүндө активдин баары үймөлөктөшөт. Мен биринчи катчынын иш бөлмөсүнүн босогосун аттаганымда, бөлмө ичи таң каларлыктай тыптынч экен. Отуруп же туруп тургандардын баары каткан бойдон өкмөттүк телефон менен сүйлөшүп жаткан Жангир Муслим-задени тиктешет.

  • Мен милициянын начальнигине , — мага анын бир калыптагы жана бекем үнү угулду, — колдо болгон күчтөр менен тартип орнотууга буйрук бердим. Бул кандуу ээнбаштыкка тиешеси барлардын баарын кармап, жолдон чыгарган чагымчылдарды кармоолору керек. Алар азыр дал ушуну менен алектенишүүдө. Бирок шаардык милициянын жеке курамы жетишсиз. Эмне?!.. Мага ким мындай буйрук берүүгө укук берди дейсиңби?! — кубарган биринчи катчы кайталап сурады. — Ким эмес, эмне! Көзөмөлдөн чыгып бараткан кырдаал!.. Силер шылтаган аскер кызматкерлерине келсек, армяндарды өлтүрүп жаткан жерден аларды эч ким көргөн эмес!..

Кийинчерээк Азербайжан Компартиясынын БКти Москванын кыстоосу менен партиянын Сумгаит шаардык комитетинин биринчи катчысы кызматынан алынган Жангир Муслим- заде, мага өзү жана аны коштоп жүргөн коммунисттер үчүн аз жерден трагедия менен аяктабай калган бир учур жөнүндө айтып берди.

— Биз шаардык комитеттин алдында топтошкон элге чыгып жана аларды кантип болсо да тынчтантууга аракет кылганыбызда, — деп эскерди Жангир, — бизди заматта курчоого алып алышты, андан кийин өлүү жымжырттык өкүм сүрдү. Сүрмө топтун жүрүм-туруму кипкичинекей себептен көз каранды болгон учур. Дал ушул ирмемде плащчан бирөө кыйкырды: “Ургула аларды! Баарына ушулар күнөөлүү!” Ошентип курчообуз улам кысыла берди. Бирок ушул жерде таптакыр күтүүсүздөн аскер патрулу пайда болду да бизди сүрмө топтоп сууруп чыгып кетишти…

Түнү макала чүргөп, аны “Сумгаитке чейин бүткүл Армения Сумгаит болучу” деп атап, таң азандан аны терүүгө жибердим. Андан кийин мага басмакана кызматкерлери макаланы цехте аз жерден үн чыгарып окуй жаздашканын жана “Мына, чыныгы чындык!” деп кыйкырышкандарын айтышты.

Материалда бардык сумгаиттиктерди, бүткүл Азербайжанды толкунданткан суроолор берилген. Эмне үчүн бир да армян шаарында азербайжандарды жырткычтык менен кыруу боюнча бир да кылмыш иши козголгон эмес, ал эми Москва Сумгаитке тергөө тобунун бүтүндөй десантын таштады? Эмне үчүн Армениянын бир да партиялык жетекчиси же коомдук ишмери азербайжандарга карата зомулукту токтотуу үчүн өз мекендештеринин алдына чыккан жок? Сумгаит тургундарынын арасынан кимиси азербайжандардын кескиленген денелеринин сүрөттөрүн жасап, таркатты? Сумгаит калкын ким жергиликтүү армян калкын токмоктоого чакырык таштады? Акыркы суроого жооп бат эле табылды: кыргындын демилгечилеринин арасынан үчөөсү гана Сумгаит тургундары жана этникалык армяндар болушкан. Бул адамдар акча жана убадалар менен азербайжандардын арасынан кыргынды ишке ашырган кылмышкер-бузукуларды өздөрүнө тарта алышкан. Эмне үчүн жана эң башкысы, бул кимге керек болгон деген суроо айдан ачык болуп турса да ошол мезгилде басып салынган…

 

 

 

 

 

 

 

Сумгаиттин дагы бир тургуну Эдуард Григорянды талап-тоноолордун жигердүү катышуучуларынын бири катары тааныган. www.1news.az сайтынан алынган сүрөт

Бир сөз менен айтканда, ойдон чыгарылбаган, чыныгы далилдер менен бышыкталган менин макалам бомба сыяктуу натыйжаларды алып келмек. Бирок мен басмакана

линотиписти Завен Тумасовдун “каршылаш” ыкмасын тандоону туура көрдүм. Ушул кыйчалыштуу эки күндө бул киши өз мекендештери талоончул азербайжандарды дал ошол Улуу Армения Фондуна демөөрчүлүк кылбай сараңданган армяндардын үйүнө ээрчитип барганын кулагыма дайым шыбырап турду. Ошондой эле Завен москвалык изилдөө тобунун бир мүчөсүнө чалып, эртеси шаардык гезитке Рафаил Шиктин калемине таандык “балит макала” чыгарын билдирди. Мындан соң ал борбордук из кубарларды башкарган генерал Галкиндин жеке буйругу боюнча дал эле ротатордон номер алды. Ал эми мени дал ошол эле күнү кечинде ээлеген кызматыман бошотушту… Мына эми жарым жылдан бери жумуш таппай жүрөм. Демек Израилге кетүүгө туура келет…” Жогорудагы сөзгө дагы кошумчалай кетсем: ошондо менин жетекчилигим бир эле Шиктин макаласын басуудан баш тартканы аз келгенсип, өкмөт менен партиянын саясатын сындагандар менен мамилелешпөөнү мага катуу эскертишкен. Ал эми Шиктин макаласы кол жазма түрүндө бакулуктар менен сумгаиттиктердин колунда дагы көпкө жүрүп калган. 1989-жылы Азербайжандын Илимдер академиясынын гезити “Элмге” академик Зия Буньятовдун “Эмне үчүн Сумгаит?” деген макаласы чыкты. Анда автор Сумгаит трагедиясы үчүн Горбачевдин айланасындагы армян төбөлдөрү бүтүндөй жоопкерчиликти алышы керек экенин айткан. Болжолдуу түрдө ошол күндөрү Армениянын Илимдер академиясынын президенти, Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры Виктор Амбарцумян Бакудан мындай мазмундагы телеграмма алды: «Абийириңизге койдук! 100 жылга жетпеген убакыттын ичинде армяндар бир тууган элдердин ортосундагы үч жолку катуу кагылышуунун чагымчылдары болушту. Өзүңөрдүн интеллигенцияңарга кайрылып, жарандарыңардын зордук-зомбулугун токтоткула”. Телеграммага Азербайжандын Илимдер академиясынын 200

кызматкеринин колу коюлган. Бирок «Правда» гезити 50 миллион нуска менен таратылган өлкөнүн эли бул тууралуу эч нерсе билген эмес… Чынын айтканда, адам ишмерлигинин эң жакшы баа берүүчүсү убакыт болуп саналат. Анын өкүмү менен бүтүмү биздикиндей болуп арыздар боюнча кайра артка алынбайт жана биротоло чыгарылат. Убакыт дарылайт деген чындык эмес. Болгону ал алаксытуу, азга унуткаруу менен ооруну басаңдатат. Бирок анда дарылык касиет жок. Жараатты айыктыруу адамдардын өздөрүнө байланыштуу. Мындай жыйынтыкка жетиш үчүн адамдар кекчилдик оорусунан айыгууга аракет кылып, өзүлөрү ойлоп тапкан жамандыктарынан баш тартыштары керек. Бирок алар унутчаактыкты шылтоолоо менен муну жасашпайт. Мындан улам кайгыдан жаралган жамандык тагдыр чечер натыйжасын улам-улам көрсөтө берет. Демек, бул жаатта биз эң начар дарыгербиз… Буга менин жумушчу үстөлүмдө жаткан бир нече китеп күбө. Алардын бири, 2010-жылы азербайжан юристи Аслан Исмаиловдун калеминен жаралган “Сумгаит — СССРдын кулашынын башталышы”, — деп аталат. Дагы бир ушундай китептин аталышы: “Империянын өлүмү”. Анын автору АКШнын 1987-1991 жылдарда СССРда иштеген элчиси Жек Мэтлок болуп саналат. Ал Советтер Союзунун урашын элчилик көз карашка салып баяндаган. Бул социалисттик лагердин кыйроо алдындагы жанталашуусуна Москвада туруп күбө болгон киши орус тилине которулган китебинде айтылуу кайра куруунун сценарийи Вашингтондо жазылганын билдирет. Америкалык дипломаттын чыгарган бүтүмүн СССР КГБнын Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары генерал-майор Юрий Дроздов өзүнүн «Мыйзамсыз чалгындын жетекчисинин кол жазмалары» китебинде бекемдейт. Ал көптөгөн айныксыз далилдери менен бирге мындай мисал келтирет: “Америкалык мурдагы чалгынчылар Москвага кайсы бир келүүсүндө Остоженкадагы бир жертөлөдөгү ресторанда кечки тамакта отурганда жергиликтүүлөр менен ачык-айрым сүйлөшүүлөрүнүн кызуусу менен мындай бир абайсыз сөз айтып алышкан: “Силер жакшы жигиттерсиңер! Биз билебиз, силер өзүңөр сыймыктангыдай жакшы ийгиликтерге жетишкенсиңер… Бирок убакыт өтө, эгер ачыкка чыкчу болсо, силердин бийликтин жогорку тепкичтеринде биздин ЦРУ менен АКШнын Мамлекеттик департаменти кандай тыңчыларын иштеткенин билип оозуңарды ачпай койбойсуңар…” Бул авторлордун ар бири өз өңүттөрүндө туруп, маалымат алуу булактарын колдонуу менен, Сумгаит трагедиясына өз жарыктарын түшүрүшкөнү табигый иш. Бул чындык абдан көп убакытка кечигүүлөр менен ачыкка чыкса да, адамдардын өзү менен таанышуусуна татыктуу… “Сумгаит — СССРдын кулашынын башталышы” китебинин автору Аслан Исмаилов менен маектешүү мүмкүнчүлүгүнө бир нече жолу ээ болгом. Мындан улам, мен Аслан Исмаилов Кубань университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин, Ставрополь крайында беш жылдай сот жана прокуратура органдарында иштегенин билдим. Дал ошол ишинде жакшы ийгиликтерди көргөзүп, чоң иштерди бүткөргөнүндө жогорку орунда отурган азербайжандык кесиптештеринин көзүнө урунуп, алар өз мекенине келип кызмат кылуусун өтүнүшөт. Ошентип республикалык прокуратуранын бир кабинетинин каалгасына «Бөлүмдүн прокурору Исмаилов А.З.» деген такта илинет. Анын кызматтык милдети республиканын аймактык сотторундагы кылмыш иштеринин мыйзамдуу каралышын көзөмөлдөө эле. Ошондон көп өтпөй, Аслан Исмаилов республиканын башкы прокурорунун буйругу менен Сумгаит окуясы боюнча ачылган, “Григорян иши” деп аталган жана кылмышкер деп эсептелген алты азербайжандын тагдыры чечилип жаткан ишке мамлекеттик күнөөлөөчү болуп дайындалат. Мындай кадамын прокурор бул ишти караган мурдагы кесиптештерине караганда Исмаиловдо Ставрополь крайында сот болуп иштеген тажрыйбасы бардыгы менен түшүндүргөн. Аслан бир нече калың папкага тиркелген ишке тиешелүү материалдарды соттук жараян башталар алдында гана алгандыктан, алар менен таанышып чыгууга убактысы болгон эмес… “Мен түнү бою кирпик какпай машинкага терилген материалдардын ар бир сабына көз жүгүртүп чыккам, — деп эскерет Исмаилов. — Ишенесиңби, таптакыр уктаган эмесмин! Бирок жаштыкка салдым, уйкуну үч чашка коюу демделген кофе менен жеңдим, анан эң негизгиси, бул иште акыйкаттыкты далилдөө каалоом жакшы натыйжасын берди. Мен иштин жүрүшүндө өзүм катышпаган биринчи соттук угуунун стенограммасындагы бир нече маанилүү беш-алты далилди байкадым. Аларды сот негедир байкамаксанга салып коюптур. Териштирсем, башка жумуштарга белчесинен баткан соттун төрагасы бул иш боюнча материалдар менен жакшы деле таанышып чыкканга үлгүрбөптүр. Бул аз келгенсип, анын алдында жаткан досьеде маанилүү делген бир нече күбө өтүүлөр, түшүндүрүүлөр жана көрсөтмөлөр жок экен. Аларды эмнегедир папкаларга салууну “унутуп” коюшуптур. Мындан улам мен угууларды дагы эки күнгө артка жылдырууну талап кылдым. Бул убакыт мага аба менен суудай эле зарыл болчу. Анткени каралып жаткан “Григорян иши” боюнча жагдай биздин жалпы мамлекетибиздин басма сөз кызматтары чагылдырылгандай эмес экенине көзүм жете баштаган”… Алардагы бул иш боюнча жазылган макалалардын көпчүлүгү текшерилбеген, бирок бийликтин жаңсоосу менен жазылган дилетанттардын материалдары болчу. Булардын арасында юриспруденцияны түшүнгөн, ишти кылдат иликтеп чыккан кесипкөй журналисттердин макалалары дээрлик жок эле. Бул окуянын чындыгын билгендер жана сасык шамал кайдан уруп жатканын түшүнгөн компотенттүү саясатчылар деле чынында бар болучу. Бирок алардын түшүнүктөрү жогору жактын катуу кысымында эле. Мындай адамдар берген так маалыматтар элге жайылуусу ыкчам аракеттердин арты менен жокко чыгарылып турган. Мисалы, Александр Прохановдун СССРдин кулашындагы Горбачевдун жоопкерчилигин козгоп сандан-санга жазган макалалары чыккан соң, анын “Завтра” аталышындагы гезитин жаап тынышкан. Проханов жалгыз трибунасынан айрылып калбаш үчүн бул гезитин “Завтра” деген ат менен кайрадан каттоодон өткөргөн. Дал ушул гезиттин беттеринде бир нече жолу ачык эле Горбачевдун өлкө башына келиши тарыхый жаңылыштык экени жарыяланган. Проханов улуттук саясатты жана Горбачевдун кайра куруу боюнча командасынын кылгандары өлкөнү талкаларын айтып жана сындап чыккан жалгыз өкүл эмес болчу. Орусиянын саясый элитасында орчундуу орду бар, политология боюнча профессор, этникалык армян Сергей Кургинян жакында эле мындай деп жазды: “Сумгаитидеги ритуалдык аракеттерди ишке ашыруу менен мыкаачылыкка салып өлтүрүлгөн армяндарды азербайжандар эмес, чет өлкөлүк жеке түзүлүштөр жалдаган адамдар жок кылганын өз сөзүмө жоопкерчилик алуу менен билдирем. Биз бул адамдардын атын атай алабыз жана алар кайсы түзүлүштөргө мүчө экенин да билебиз…» Аслан Исмаиловдун колуна тийген, беттерине көптөгөн көрсөтмөлөрдү, күбөлөрдүн сөздөрүн жана бир топ далилдер камтылган папкалар болуп өткөн окуянын чыныгы сүрөтүн тартууга эле жардам бербестен, кырдаалды терең түшүнүүмө көмөктөшкөн… Ал ошондой эле сот залына байкоо салып, төраганын супсак сөзүнө кулак түргөн, темир тор артындагы күнөөкөрлөргө көз жүгүрткөн. Соттор менен прокурорлор жооп берүүдөн мурда Григорянга суроолуу көз жүгүртүшкөн. Эгерде бул негизги шектелүүчү көз ымдаса, алар дароо сүйлөөдөн баш тартышкан же өз сөздөрүнө оңдоо киргизишкен. Качан гана Григорянды тилектешинин жообу канааттандырганда ал отургучка чалкалай калып, салтанаттуу түр менен бутун бутуна учкаштыра калып жаткан. Бул киши өлтүргүчтөр тобунда ким “аталык”, ким анын айтканынан чыга албаган, эч качан сатпаган “малай” экенин билиш үчүн өтө деле баамчылдыктын кереги жок болчу. Кыскасы Григорян бир эле күнөөлүүлөр катарында отурган айыптоочу болбостон, кимдир бирөөнүн жашыруун колдоосуна ээ экени көрүнөө эле. Ал шериктеринин эмне айтарын көзөмөлдөгөн, сырттан көрсөтмөлөрдү алып турган, ал тургай абакта жатып телефон аркылуу үй-бүлөсү менен ээн-эркин сүйлөшө алган. Тышкы дүйнө менен болгон мындай байланыштарында кандай маалыматтар менен көрсөтмөлөрдү алганын далилдөө азыр мүмкүн эмес…

Деги бул Эдуард Григорян деген ким болгон? Эмне үчүн ал ушундай өзүнө бекем ишенүү менен сумгаиттиктерди жабыркаткан, эмне үчүн өзүнүн эле кандаштарын мыкаачылык менен кырган?.. Мындай суроолорго жоопту Сумгаитке СССРдин бардык аймактарынан жиберилген укук коргоо органдарынын адистери чогулткан материалдардан табууга болот. Алардын ичинде ал тургай, этникалык армяндар да болушкан… Анда эмесе окуп көрөлү: «Григорян Эдуард Робертович. Туулган жери — Сумгаит, Азербайжан ССРы, туулган жылы — 1969-жыл. Партияда жок. Улуту армян, трубопрокат заводунун слесары, никеси бар, эки балалуу. Азербайжан ССРинин Кылмыш кодексинин статьялары боюнча үч жолу соттолгон. Абакта жалпысынан 6 жыл, 2 ай жана 13 күн отурган… Григоряндын жетекчилиги менен соттолуучулар Григорий Межлумяндын батиринин эшигин талкалап киришкен. Үй ээси жана анын аялы Роза Ашотовна темир түтүктөр менен айоосуз сабалышкан, кыздары Людмила менен Карина зордукталган. Ушул эле микрорайондо жашаган Грант Аванесяндын (бул учурда ал үйүндө болгон эмес) үйүнө Наджафов, Мамедов, Исаевдерди баштап барган Григорян алардын жардамы менен балталап жатып эшикти ачып кирип, бүт мүлктөрдү талап-тоноп жүктөп кеткен. Кылмыштуу жүрүштөрүн уланткан Григорян М. Петросяндын үйүнө кирип барып, аны азербайжан улутундагы жубайы Шахбалы Х. менен бирге сабап жатып өлтүрүшкөн, оокаттарын талкалап, үйдү өрттөп жиберишкен… 28-февралда Григорян кылмышташ шериктери менен Эмма Григоряндын батирине кирип барып, кийимдерин айрып, айоосуз зордукташкан, мындан соң жылаңач бойдон сыртка алып чыгып, тамекинин чогун баскылап, мажбурлоо менен бийлетишкен. Ал качып кутулууга аракет жасаган, бирок Григорян кууп жетип, темир түтүк менен омурткасын сындыра чаап, жыгылып калганда жыныстык органы аркылуу курсагына темир түтүктү сойлотуп жиберген… Ушул эле күнү Григорян кылмыштуу шериктери менен барып, Манвела Петросяндын үйүнүн эшигин сындырып кирип, анын аялы Анжеланы балта менен башка чаап жыгып, денесин айоосуз тепселеген…”

“СССР Генералдык прокуратурасынын улуу кеңешчиси В. Галкин Азербайжан ССРни н Жогорку сотунун кароосуна жиберген бул далилдер Григоряндын кылмыштуу тобу жасаган мыкаачылыктардын толук тизмеси эмес”, — деп эскерет Аслан Исмаилов. Григоряндын табигый мыкаачылыгы жана Акпер Балаян (паспорту боюнча — Балаев) жетектеген сумгаит коомунун “Химик” спорт жайында карате боюнча сабак алуусу ага шериктеринин үстүнөн чексиз бийликке жетишүүсүнө, өз чөйрөсүн кыңк эттирбей коркутуп алуусуна шарт түзгөн. Белгилеп коюу керек: Эдуард Григорян башка күнөөлүүлөргө караганда алда канча акылдуу жана куу болгон. Мындан улам “Химиктен” үйрөнгөн өнөрлөрүнөн башка да ал атайын даярдыктан өткөнбү деген ой жаралат. Иликтөөчүлөр бул божомолдун үстүнөн да иштеп, ал тургай, Бакудагы патронаж Эчмиадзин башкарган армян чиркөөсүндө жана Армениянын атайын кызматтарында уюштурулган курс бар экенин билишкен. Бирок СССР Генералдык прокуратурасынын улуу кеңешчиси В. Галкин мындай изилдөөлөрдү тезинен токтотуу буйругун берген. Анын айтуусу боюнча мындай иш чара кызматкерлерди негизги изилдөөлөрдөн алаксытып, чыныгы кылмышкерди табууга тоскоолдук жаратмак. Сурака алуулар боюнча жүргүзүлгөн протоколдордо Григорянга Бакуда жайгашкан армян чиркөөсүндөгү атайы курс жөнүндө суроо берилгенде ал дайым унчукпай кутулары байкалган. Бирок “Эмне үчүн мындай кылдың?” деген суроого ал капысынан мындай жооп бергенин көрүүгө болот: “Начальник, менин мындай өнөрлөрүм Кудайдан берилген! Булар мага асмандан түшкөн ийгилик сыяктуу!” Мындай жоопту катардагы кадимки кылмышкер эч качан бербейт… Ошондой эле жабырлануучу Анжела Петросян өзүн тозоктогудай кыйнаган Григорянга колун кезеп, аны айбан жана мыкаачы атап: “Булар каалгамды сындырып кирип келгенде мен мындан сурадым: “Эгер сен чыныгы армян болсоң, өз улутташтарыңды минтип кыйнамак эмессиң” десем ал: “Эгер сен чыныгы армян болсоң, бул тизмеде болмок эмессиң! — деп жооп берген…” Муну укканда Григорян ордунан атып туруп залды жаңырта кыйкырат: “Каяктагы тизме! Мен сага эч кандай тизме жөнүндө айткан эмесмин!” деген. Мунусу менен ал көптү билдирип алды. Мен ушундан улам бул жагдайды изилдей баштап, көп өтпөй алиги табышмактуу тизме чынында эле болгонун, ал боюнча кылмышкерлер өз курмандыктарын тандаганын түшүндүм. Күнөөлөнүүчүлөрдүн жообу да муну кыйыр түрдө билдирип коюп жатты. Мисалы, Григоряндын абакташы жана жакын досу Н. Наджафов: “Каякка барып, кимди талкалаш боюнча алдын ала түзүлгөн план болбогонун, жөн гана Эдикке кара плащчан адам келип, ага армян тилинде бирдемелерди айтчу жана бизди ошол боюнча Эдик баштап жөнөчү”, — дейт. Кандай болбосун, тизме болгонбу жокпу деген суроого так жооп табыш үчүн мен куулукка бардым. Бул үчүн мен москвалык тергөөчү, этникалык армян Саркисовдон мындай деп сурадым:

“Эмне үчүн материалдардын арасынан кылмышкерлерге кимди жазалоо боюнча көрсөтмө берүүчү тизмени таппай жатам?” Саркисовдун буга берген жообу менин эсимди эңгирете койду: “Мындай оор суроону мага бербе! Мен аны Галкинге бергем…” Ал эми сумгаит кылмышкерлигине “аталык” кылган кара плащчан сырдуу киши жөнүндө кандайдыр бир чындыкты жашыргандай, аны ачкандан кооптонгон түрдө Григоряндын аялы Рита, В. Гусейнов жана Г. Мамедовдор этиеттей сүйлөшүп, дээрлик бири-бирин кайталашты. “Ушул жаман окуялар болуп кетердин алдындагы күндөрдүн биринде Эдик экөөбүз үйгө кайтып келатсак, бурчта турган кара плащчан эки киши Эдикти ишарат кылып өзүнө чакырышты. Мен аны менен бирге басып, аларга жакындап, жакшылап карамакчы болгонумда Эдик мени “Ордуңдан жылба! — деп кагып койду”. Ал эми Гусейнов өз көрсөтмөсүндө бул жөнүндө мындай дейт: “Окуя болордун алдында Эдиктин окчун жерде окшош кара плащчан эки киши менен сүйлөшүп турганын көрдүм. Мурда Сумгаитиден мен аларды көргөн эмесмин. Чочундар болчу. Бирөөсү узун, экинчиси орто бойлуу болчу. Жүздөрүнө караган эмесмин. Алар Эдикке дары салынган желим баштык беришти. Бул таблеткалар башты кеңгиреткен каражаттар эле… Алар менен коштошуп жатып Эдик үнүн бийик чыгарып мындай деди: “Тынчсызданбагыла, бул дөңдөр мен кайда ээрчитсем, ошол жакка барышат!” Тергөө көрсөткөн ушундай жагдайлардан улам, Сумгаит иши боюнча фактылар бүт ачыкка чыкты. Бирок Сумгаит талоонуна катышкан, кара плащчандардан улам жаралган бул суроолорго жооп таап бере турган башка кылмыштуу топтордун кармалган башчылары Азербайжандан чыгарылып кетишип, СССРдин башка шаарларында же Сумгаитиде соттолушту. Эмне үчүн мындай кылышты? Адамдардан эмнени жашырышты?..”

Ушул суроолорго жооп табылбастан Аслан Исмаилов менен болгон маегим аяктады. Ошондон бери аз эмес убакыт өттү. Ошентсе да 33 жыл мурунку сырлар акырындап ачыла баштады. Биринчи жолу абройлуу ММКларда тарыхый акыйкаттыкты тирилткиси келген, СССР ураган кыйын учурдун сүрөтүн тартууну көздөгөн авторлордун макалалары жарыяланчу болду. Чындап келгенде ошол Сумгаит окуялары, азербайжандарды талап-тоноолор, армяндарды өлтүрүүлөр армян-азербайжан кагылышууларын чыгарбады беле. Сумгаитиден кийин Азербайжан Карабакка болгон көзөмөлүн жоготту. Саналуу айлардан кийин Карабакта горбачевдик чиновник Аркадий Вольский башчылык кылган өзгөчө башкаруу Комитети түзүлдү. Бул КОУ аталган бийлик Карабакты жергиликтүү азербайжан бийлигинен тартып алды жана автономдук облуска Москванын түз башкаруу режимин киргизди. 1989-жылы азербайжан коомчулугунун кысы менен КОУ жоюлду. Ошентсе да бир нече айдан кийин Азербайжан ССР Компартиясынын мурунку экинчи секретары Виктом Поляничконун жетекчилиги астындагы уюштуруу комитети тарабынан кайрадан бул аймакка аралаш башкаруу түзүмү киргизилди. Армян-азербайжан каршылашуусу учурунда Поляничконун уюштуруу комитети жоюлду. Ушундай жол менен дал ошол Сумгаит окуялары Азербайжандын Карабакты жоготуусуна жана аны көзөмөлдөн чыгаруусуна жол ачты. Менин оюмча, кеч болсо да коомчулуктун эс тартуусу менен жана саясатчылардын, коомдук ишмерлердин, публицисттердин аракети аркылуу жогоруда биз сөз кылган Сумгаиттеги, Баку, Өзбекстан, Грузия, Прибалтикадагы трагедиялуу окуяларга байланышкан тарыхый боштук акыры толот жана аларга түшүндүрмө берилет, күнөөлүүлөрдүн аты аталып, алар жазаланат. Буга биринчиден, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин муну биргелешип караганы, сезимге алдырбастан талдаганы, ошол аз эмес убакыт мурда өткөн окуялар боюнча чындык сыртка чыгуусуна шарт түзүп койду окшойт.

Дагы деле болсо алардын жеңил колу менен ошондо астын-үстүн түшкөндөр акырындап өз ордуларына келерине ишенгибиз келет.

Которгон Назгүл Осмонова

САМОЕ ЧИТАЕМОЕ

НОВОСТНАЯ ЛЕНТА