25 Апреля 2024 - Время в Бишкеке - 09:40

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-майда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды.

Жолугушууда Мамлекет башчысына өлкөдөгү оперативдик абал жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралу маалымат берилди.

Абдил Сегизбаев терроризм жана диний экстремизм менен күрөшүүнү өркүндөтүү чаралары жана  террордук багыттагы кылмыштарды алдын алуу иштерин күчөтүү тууралу Президентке айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

САМОЕ ЧИТАЕМОЕ

НОВОСТНАЯ ЛЕНТА