25 Апреля 2024 - Время в Бишкеке - 14:21

Президент Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарындагы терактылар көп сандаган курмандыктарга алып келгендигине байланыштуу Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарындагы терактылар көп сандаган курмандыктарга алып келгендигине байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты.

«Кыргызстан эли түрк элинин аза кайгысын тең бөлүшөт жана бардык көрүнүштөгү терроризмди чечкиндүү айыптайт», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалай тургандыгын билдирди.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

САМОЕ ЧИТАЕМОЕ

НОВОСТНАЯ ЛЕНТА