24 Апреля 2024 - Время в Бишкеке - 18:42

Президент Алмазбек Атамбаев, Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолукту


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы  Нуржан Шайлдабекова менен жолукту.

Жолугушууда Мамлекет башчысы 2016-жылдын 11-декабрында, жекшемби күнү өтө турган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду жана  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат алды.

Сооронбай Жээнбековдун айтымында, референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык жактан камсыз кылуу үчүн, ошондой эле коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн мамлекеттик органдар тарабынан бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз убагында көрүлгөн чаралардан улам бардык шайлоо участоктору добуш берүүгө даяр болгонун, ал эми шайлоо комиссиялары шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучуларынын ортосунда демократиялуу жана ачык атаандаштык болушу үчүн бардык шарттарды түзүшкөнү жөнүндө Президентке баяндады.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө алдында Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоодогу жана шайлоолордун ачыктыгын камсыз кылуудагы башкы жетишкендиктерди дагы бир жолу тастыктоо милдети турганын баса белгиледи. «Биз Кыргызстан – таза шайлоолордун өлкөсү экенин, бизде шайлоолордун жана референдумдардын тагдырын добуш берүү аркылуу жарандар өздөрү чече турганын дагы бир жолу көрсөтүшүбүз керек. Ал эми элдик бийликтин принциптерин бекем кармануу – бул өлкө туруктуулугунун, анын туруктуу өнүгүшүнүн жана болочок ийгиликтердин негизи», — деди Президент.

Мамлекет башчысы Өкмөт жана БШК референдумда жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жарандардын өз каалоосун эркин билдирүүсү үчүн бардык шарттарды түзүүүгө милдеттүү экенин, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө эмгек акы төлөө маселелерин  кыска мөөнөттө чечүү зарыл экенин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

САМОЕ ЧИТАЕМОЕ

НОВОСТНАЯ ЛЕНТА